УКМК: «Тажикстан «Байрактар» учактарын сатып алганы такталбаган маалымат»

УКМК маалымат таратып, тажик тарап түркиялык «Байрактар» учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы такталбаган маалымат экенин билдиришти.

«Ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап «Байрактар» учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз. Буга байланыштуу тажик тарап түркиялык «Байрактар» учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу маалымат такталбаган маалымат. Ошону менен бирге Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп жатканын маалымдайбыз. Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган. Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт», — деп айтылат маалыматта.

27-апрелде Тышкы иштер министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Жээнбек Кулубаевден депутат Мирлан Самыйкожо Түркия Тажикстанга «Байрактар» жөнөткөнү тууралуу маалыматты тактагысы келгенин сураган. “Биз ал маалыматты алдык, азыр элчилик жана башка органдарга тапшырма берип, тактап жатабыз. Түрк тарапка дагы айтылган болчу, “муну этияттагыла, анткени ортобузда көйгөйлөр чечиле элек” деп. “Байрактарды” бизден башка коңшуларга сатууда абайлап мамиле кылыңыздар дегенбиз. Азыр толук маалымат алгандан кийин дагы түрк тарап менен сүйлөшүү жүргүзөбүз”, — деген Кулубаев.

Өткөн жылдын октябрь айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Түркиядан «Байрактар» сатып алынганын айткан.