УКМК тарабынан кармалган Алексей Ширшов тууралуу эмне белгилүү? Өмүр баяны

УКМК маалымат таратып, «Дастан» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупциялык иш боюнча кармалганын билдиришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ачык булактардан Ширшов тууралуу маалыматтарды чогултту.

Алексей Юрьевич Ширшов 1976-жылы Кыргызстанда туулган. Анын «Түндүк электр» ААКтын каржы директору, 2007-жылдын декабрына чейин — «Электр станциялары» ААКнын каржы директору болгону маалым. Жогорку билими бар же жок экендиги тууралуу маалымат жок. 2007-жылдын декабрынан 2010-жылдын апрелине чейин — «Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы болгон.

Ширшов Максим Бакиевдин эң жакын досторунун бири деп саналчу. Ал ошондой эле Айдар Акаевдин да жакын санаалашы болчу деген маалыматтар бар. 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардан кийин Кыргыз Республикасынын качкын президентинин көптөгөн санаалаштары сыяктуу эле Кыргызстандан чыгып кеткен. Андан соң өлкөгө кайтып келип, Максим Бакиев менен иштешүүнү улантып, «өз кызматына» келген. 

Алексей Ширшовдун Акаевдердин үй-бүлөсүнө таандык яхтасы, Ысык-Көлдөгү бир нече пансионаттардагы үйлөрү, жадакалса кичинекей учагы болгон. Соцтармактарда анын сүрөтү жокко эсе.

Негизинен Алексей Ширшовдун ысымы Кыргызстандын энергетика тармагы менен тыгыз байланышта. Жада калса “Ширшовдун схемалары” деген түшүнүк да бар. Ар кандай билдирүүлөргө караганда, “Ширшовдун схемалары” электр энергетикасына да, газ жана көмүр тармагына да тиешелүү. Аткаминерлер бул сөз айкашын көбүнчө тармактагы коррупцияны жоюу зарылдыгын билдирүү үчүн колдонушат.