УКМК тарабынан кармалган аткаминерлердин нааразычылыгы барбы? Кыйноолорду алдын алуу борборунун жообу

«Кумтөр» иши боюнча кармалгандар убактылуу кармоочу жайда жана УКМКнын СИЗОсундагы шарттарга нааразы эмес. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, борбордун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда жаткан аткаминерлер — Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров,Исхак Пирматов, Талант Узакбаев менен жолугушкан. «Алардын бардыгы кыйноолорго дуушар болушпаганын жана кармоонун шарттарына нааразы болушкан жок», — деди Бакыт Рысбеков.

Мындан тышкары, борбордун жетекчиси экс-мэр Азиз Суракматов менен да жолукканын айтты. Маалыматка караганда анын да нааразычылыгы жок.