УКМК тарабынан Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери кармалды

УКМК Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматынындагы коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматынын укук тартибин сактоо бөлүмүнүн инспекторлору баюу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу максатында, унааларды камоочу жайлардан алып чыгууга уруксат берүүгө жана ар кандай тоскоолдуктарды жасалма жол менен түзүү боюнча туруктуу схема түзүп алышкан.

Ишти карап чыгууну тездетүү жана оң чечим кабыл алуу үчүн жол кырсыктардын катышуучуларын акча каражаттарды берүүгө мажбурлашкан.

14-январда аталган иштин алкагында, Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгынын инспекторлорунун кызматтык бөлмөлөрүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген факты боюнча кылмыш иши козголгон. Иш-чаранын жыйынтыгында, инспекторлор Т.С.Э., И.К.М., Б.у.З., А.К.А. кармалган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштарды жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.