УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада аяктады

Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл облусунун аймагында УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча республикалык спартакиада жыйынтыкталды.

Спартакиадага УКМКнын бардык облустук башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлери жана Мамкомитеттин ардагерлери катышты. Буга чейин маалымдалгандай, иш-чара спорттун төмөнкү түрлөрү: эркектер үчүн жалпы командалык — футбол, баскетбол, волейбол, шахмат, ал эми кыз келиндер үчүн — 1000 метрге чуркоо, жеңил атлетика – эстафеталык чуркоо жана аркан тартыш боюнча болуп өттү.

Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө төраганын кубогу жана байгелер тапшырылды.

Иш-чаранын салтанаттуу жабылуу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев спартакиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктап, катышуучулардын баарына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, Ташиев спортту өнүктүрүүдө жана кызматкерлердин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун камсыз кылууда, аскер кызматчыларынын дене тарбия даярдыгын жогорулатуу маанилүү экендигин баса белгиледи. Мындан улам, ар бир кызматкер спорт менен жакын болуп, дени сак жашоону камсыздоого аракет кылуусу керектиги айтылды.

Салтанаттуу аземдин соңунда УКМК төрагасы өздүк курамга тиешелүү тапшырмаларды берди.