УКМК төрагасынын кубогу үчүн спартакиада жыйынтыкталды (сүрөт)

УКМК төрагасынын кубогу үчүн спартакиада жыйынтыкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунда УКМКнын бардык облустук башкармалыктарынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, ошондой эле УКМКнын ардагерлеринин катышуусундагы УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спорттун командалык түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада жыйынтыкталды.

Буга чейин маалымдалгандай, иш-чара спорттун беш түрү: волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана стол тенниси боюнча өттү. Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө төраганын кубогу жана байгелер ыйгарылды.

Спартакиаданын жабылыш аземинде Камчыбек Ташиев бул иш-чарага катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирип, кызматкерлердин ыкчам иш-аракеттеринин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун кепилдиктеринин бири катары спортту өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин дене тарбия деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү тапшырмалар өздүк курамга берилди.