УКМК: «УКМК Масадыковдун мындай кеңештерине муктаж эмес»

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун УКМК тууралуу билдирүүсү боюнча УКМК комментарий берди.

«УКМК бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө мамлекеттик органдарга, анын ичинде УКМКга мурдагыдан да зарыл деп эсептейт, анткени бул коомчулуктун кызыкчылыгында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтын жеткиликтүү ыкмасы. Бул жагынан алганда УКМК Масадыковдун берген мындай кеңештерине муктаж эмес. УКМК аткаруу бийлигинин маанилүү органы болуп саналат, зарыл болгон учурда конституциялык укугу бар компетенттүү адамдардын кеңештерин жана сунуштарын колдонот»,- деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде УКМК Масадыковду Конституцияда каралган кызматтык милдеттерине негизделген ыйгарым укуктарын аткарууга чакырды.

Эске салсак, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков журналист менен баарлашууда Камчыбек Ташиевге кеңеш берүүгө даяр экенин айткан. Масадыков атайын кызматтар коомчулукка, маалымат каражаттарына чыкпашы керек экенин айткан. Анын пикиринде, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзүнүн дүйнөсү болушу керек жана Коопсуздук кеңеши да ушундай кылышы керек.