УКМК «Z» символикасы бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө чакырды

Социалдык тармактарда 9-май Улуу Ата-Мекендик Жеңиш күнүнө карата костюмдарды ижарага берүү мекемелери “Z” символикасы бар аскердик кийимдердин жана костюмдардын жарнамаларын таратып, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. УКМК бул боюнча үн катты.

Мекемелерди улуттар аралык кастыкты козутууга байланыштуу “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө жана шаар тургундарын 9-май Улуу Ата-Мекендик Жеңиш күнүнө карата өтө турган “Өлбөс полк” жүрүшүнө аталган аскердик кийимдерди кийип чыкпоого чакырат.

УКМК Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертти.