УКМКдан убада: Жакын арада Кыргыз жарандарына АКШга виза алуу маселеси чечилет

Жакын арада Кыргыз жарандарына АКШга виза алуу маселеси чечилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсү жакын арада ICAO PCD’нин базасына кошулат жана Кыргыз жарандарына жалпы жарандык биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Өз учурунда бул жаңы муундагы паспорттор чет жакка чыгууда жана башка мамлекеттердин чек арасынан тоскоолдуксуз өтүүгө жол ачат. «Тагыраагы биометрикалык паспорттордун бериле башташы АКШ тарабынан Кыргыз жарандарына карата киргизилген визалык чектөөлөрдү карап чыгуу үчүн негиз болот» деген ишенимде УКМК.

2020-жылдын 31-январынан тартып АКШнын администрациясы биометрикалык паспорттордун жоктугуна байланыштуу Кыргыз жарандарына карата иммиграциялык виза алуу жана грин-карта боюнча чектөө киргизгени маалым.

2020-жылдын аягында Мамлекеттик каттоо кызматына ар бир бланкасы 407 сом турган жаңы муундагы паспорттордун биринчи партиясы алып келинет.