УКМКга чакырылган Орозайым Нарматова үч сааттан кийин чыкты

Бүгүн, 16-майда экс-депутат Орозайым Нарматова УКМКга чакырылганы маалымдалган. Жаш саясатчы УКМКга саат 14:10до кирип кетип, 17:10до чыгып, ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары боюнча күбө катары сурак бергенин билдирди.

«Сурак учурунда эч кандай басым да, кысым да болгон жок. 2021-жылдын 29-декабрындагы фракция лидерин жана анын орун басарын дайындоо боюнча суроо узатты. Андан бери 3 жыл өтүп кетти. Эсимде жоктугун жооп кылдым. Эмне болуп кетти, эмне кылып жибердим, ким үстүмдөн арыз жиберди экен деген сыяктуу түрдүү ойдо киргем, бирок маек жакшы эле болду», — деди Орозайым Нарматова.

Суракка чогуу кирген жактоочу Гуляна Убалиева эч кандай кылмыш иши жоктугун жана жаш саясатчы күбө катары гана суралганын айтты.