УКМКнын алдында Токтайым Үмөталиевага каршы пикет өтүп жатат. Бул боюнча өзү эмне дейт?

Бишкекте УКМКнын алдында жарандык активист Токтайым Үмөталиевага каршы пикет өтүп жатат.

Чынара Жамгырчиеванын айтымында, Токтайым Үмөталиева аны көчүрүү маселесин чечүү үчүн аялдан акча алган. Бирок акырында эч нерсе кылбай, акчасын кайтарып берген эмес. Мындан тышкары, анын окуудагы маселелерин чечип берем деп акча алып, сөзүнө турбай койгон. 

Ал эми Үмөталиева алардын дооматтарын четке какты. Анын айтымында, бул пикеттин артында президенттин тегерегиндеги адамдар турушу мүмкүн.