УКМКнын алдындагы митинг. Камчыбек Ташиев активистти видео тартууга тыюу салды (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жарандык активист Адилет Али Мыктыбекти видеого тартууга тыюу салды. Окуя мамлекеттик комитеттин имаратынын жанындагы нааразылык акциясы учурунда болгон. Жаран Фейсбук баракчасында түз эфирде болгон.

«Түшүр дейм, камераны. Аласыңбы телефонуңду же албайсыңбы?» — деди Ташиев активистке кайрылып.

Адилет Али Мыктыбек депутат Бакытбек Жетигеновго байланыштуу кырдаалга комментарий берүүнү суранды. Анын сөзүн аягына чейин укпай, Камчыбек Ташиевдин күзөтчүлөрү жакындап келип, түз эфирди токтотту.