УКМКнын “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды

Бүгүн, 30-январда Бишкек шаарында УКМКга караштуу №7 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Анын курулушу президенттин резервдик фондунан каржыланган.

Мекеменин имараты эки кабаттан турат. 220 орунга ылайыкташкан. Ичинде бардык тийиштүү шарттар каралып, керектүү эмеректер менен жабдылган. “Алтын балалыкта” 2,5 жаштан жогорку мектепке чейинки жаш курактагы балдар тарбияланышат.