УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду (сүрөт)

УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 24-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын Нарын облусунун башкармалыгынын Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземге облустук башкармалыктын өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

«УКМКнын Нарын облусунун башкармалыгынын Ат-Башы райондук бөлүмүнүн имараты атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулуп, пайдаланууга берилди. Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана иштөө шарттары талапка жооп берет», — деп айтылат маалыматта.