УКМКнын аудит комиссиясынын чечими тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

2022-жылдын 6-августунда serep.kg сайтында «Директор чындыкты айткан артисттерди куугунтуктоодо». Цирк артисти Асланайым Аширова Садыр Жапаровго кайрылуу жасады» деген аталыштагы кайрылуу жарыяланган. Ал кайрылуу supertv.kg Инстаграм баракчасында да чыккан.

Соттун чечимине ылайык, «УКМКнын аудит комиссиясы циркти текшерүүгө алганда «шок» болгон жана аудит бүткөндө «Циркте өтө чоң коррупция жана акча каражаттарын уурдоо фактысы бар» деп чечим чыгарган» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдайбыз.