УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгын хирург Сабырбек Жумабековдун баласы жетектемей болду

Салмоорбек Жумабеков УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгын жетектейт. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып, жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи 34 жашта. Ал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясын аяктаган. Кызматка дайындалганга чейин Салмоорбек Жумабеков УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүмдөрүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

Ошондой эле Салмоорбек Жумабеков Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, хирург профессор Сабырбек Жумабековдун баласы жана Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабековдун иниси. Ага-ини Жумабековдор болсо Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупциялык иштерге байланыштуу аты чыккан Райымбек Матраимовдун тарапташтары экендиги белгилүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Салмоорбек Жумабековдун дайындалышы боюнча комментарий бере элек.