УКМКнын Жумгал райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 11-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Имаратты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев салтанаттуу түрдө ачты. Ал УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн тийиштүү шарттар түзүлөрүн белгиледи.
Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.