УКМКнын «Калкан» командасы эл аралык мелдеште 4-орунду алды

УКМКнын «Калкан» 9-атайын кошуунунун командасы «The UAE Swat Challenge 2024» атайын бөлүкчөлөрүнүн арасындагы эл аралык мелдеште жалпы командалык эсепте 4-орунду, ал эми жеке машыгууларда «Калкан» күчтөрү беш жолку мүмкүнчүлүктө үч жолу 2-орунду ээледи. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында болуп өткөн эл аралык мелдешке 40тан ашуун өлкөнүн, 70тен ашуун командасы катышып, анда УКМКнын «Калкан» 9-атайын бөлүкчөлөрүнүн командасы алдыңкы тайпалардын бири катары 4-орунга ээ болду.

3-7-февраль күндөрү болуп өткөн эл аралык сынак атайын даярдыктагы аскерлерге өз өнөрүн, кесипкөйлүгүн жана достук мамилесин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

«Мелдештин биринчи күнүнөн тарта “Калкан” атайын күчтөрүнүн командасы эң татаал кырдаалда мыкты чеберчиликти, укмуштуудай күчтү, тартипти жана тапкычтыкты көрсөтүштү. Тайпанын ар бир мүчөсү ийгиликке жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап, дүйнөнүн төрт бурчунан келген командалардын курч атаандаштыгына карабастан, жеңиштин жолунда турган бардык кыйынчылыкты жеңип чыга алды», — деп айтылат маалыматта.