УКМКнын кезектеги жаңы имараты Тогуз-Торо райондук бөлүмү үчүн курулду

Бүгүн, 17-январда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Тогуз-Торо райондук бөлүмү жаңы имаратка көчтү. Эми аталган бөлүмдүн кызматкерлери заманбап жабдуулар менен камсыз болгон, жумуш үчүн зарыл болгон бардык шарттары бар жаңы имаратта кызматтык милдеттерин аткарып баштады.

Имараттын ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилик курамы жана өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Ачылуу аземинен соң, Камчыбек Ташиев Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен да жолугушту. Аксакалдар менен пикир алмашып, кызыктырган суроолорго жооп берди.