УКМКнын кызматкери селсаяк болуп кеттиби? Окуянын чоо-жайы

Соцтармак колдонуучуларынын бири «мурда УКМКнын 9-бөлүмүндө иштечүмүн» деген жаран тууралуу жазып чыкты. Анын айтымында, туруктуу жашаган жери жок адам менен көчөдөн таанышып калган. Ал өзүнүн нарындык экенин, Нарын шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгында иштегенин айтып берген.

«Подполковник наамы бар экен, кандайдыр бир себептерден улам ошол убактагы бийликтин курмандыгы болуп жумуштан кетип, турмуш-шарты начарлап, көчөдө калыптыр. Кайрылып жаткан себебим, урук- тууган, дос-тааныш, жакындары болсо жардам берип, кайра жакшы турмушуна кайтып барабы деген ой. Жардам берип, чоо-жайын билгиси келген адамдар болсо кайрылсаңыздар, бирге жардам берели, анан да УКМК өзүнүн кызматкерлерин ушундай акыбалга таштабайт эле го деген ой келет. Эгер ушул пост тиешелүү жерге жетип калса реакция болот деп ойлойм», — деп жазган ал.

Сереп Медианын журналисттери ал адамды таап, эмне себептен көчөдө калганын билүүгө аракет кылды. Атын атагысы келбеген жаран бир кезде УКМКнын 9-бөлүмүндө иштегенин, кийин ИИМде да кызмат өтөгөнүн айтып берди. Жумушунан ичкиликтин айынан чыгып калып, үй-бүлөсүнөн да ажыраган.

«Нарында иштедим, Бишкекте иштедим. Башында УКМКда спецназда, кийин 9 жыл милицияда иштедим. 1993-жылы ичип кетип, жумуштан чыгып калдым. Мен ичип баштаганы үй-бүлөм да менден кетип калды. Азыр эч кимден жардам сурап кайрылгым келбейт. Мага 100 грамм эле жетет, ошону ичсем эле жакшы болуп калам», — деди ал.

Айрым маалыматтарга караганда, бул жаран психикалык жактан жабыркайт.

Ал эми УКМК бул жаран тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

«Бул жаран УКМКда иштеген эмес. Бир кезде Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгында иштеген экен»,- дешти алар.