УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМдин Тергөө кызматында сурак берди. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жубайы тастыктады.
Маалыматтарга караганда, сурак Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча интернетке жарыяланган видеого байланыштуу болгон.
«Аны эмне себептен суракка чакырышканын билбейм. Буга шайлоо алдында Жетим-Тоо маселесин көтөргөн видеосу себеп болсо керек, бирок видео 1 жыл 8 ай мурда тартылган. Бул эски видео болчу. Эмне үчүн дээрлик 2 жыл өткөндөн кийин бийликте суроолор пайда болду мен билбейм. Абдил Кеңешевич катуу ооруп жатат, эс алуу керек, ден соолук азыр биринчи орунда»,- деди жубайы.