УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берип чыкты

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМдин Тергөө кызматында сурак берди. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жубайы тастыктады.

Маалыматтарга караганда, сурак Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча интернетке жарыяланган видеого байланыштуу болгон. 

«Аны эмне себептен суракка чакырышканын билбейм. Буга шайлоо алдында Жетим-Тоо маселесин көтөргөн видеосу себеп болсо керек, бирок видео 1 жыл 8 ай мурда тартылган. Бул эски видео болчу. Эмне үчүн дээрлик 2 жыл өткөндөн кийин бийликте суроолор пайда болду мен билбейм. Абдил Кеңешевич катуу ооруп жатат, эс алуу керек, ден соолук азыр биринчи орунда»,- деди  жубайы.