УКМКнын Өзгөн райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди (сүрөт)

Бүгүн, 19-ноябрда УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын Өзгөн райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Курулган имаратта кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар толук камсыздалган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Жаңы имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен, ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Аземде Ташиев сөз сүйлөп, зарыл болгон учурларга токтолду. Анын ичинде, өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы баса белгиленди. Алдыда дагы атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын жаңылоо, чыңдоо иштери улантылаары белгиленди.