УКМКнын сайтын бузууга аракет кылган жаран кармалды

УКМКнын ведомстволук сайтын мыйзамсыз бузууга аракет жасоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк) жана 305-беренеси (зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү)  боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталды.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, кылмышка шнектүү 1974-жылы туулган К.Б.Т экендиги аныкталды. Анын техникалык аппараттарында көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге анын катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер табылды.

Белгилей кетүүчү жагдай: Ушул беренелерге ылайык, эсептик көрсөткүчтөрдүн 1800дөн 3000ге чейинки өлчөмүндө айып пул же болбосо 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.