УКМКнын төрагасы: «39-протокол боюнча Лейлек эч кандай анклавда калбайт»

«39-протокол боюнча Лейлек эч кандай анклавда калбайт». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңеште журналисттерге билдирди.

«39-протокол боюнча ар ким ар кандай спекуляция кылып жатат. Биринчиден, Лейлек эч кандай анклавда калбайт. Протоколдун аткарылышы боюнча Ворух анклавына жол берүү үчүн биз ал жолдун макамын аныкташыбыз керек. Макам мамлекеттик келишимдин негизинде гана аныкталат. Ошондон кийин чечим кабыл алынат», — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасы Тажикстандан Ворух анклавына барган жолдор тууралуу токтолду. «Бир жол Ак-Сай айылын аралап өтөт. Бирок биз ал айылдын коопсуздугун сакташыбыз керек. Ак-Сай менен Ворухтун ортосунда чыр чыкпасын деген маселе каралып жатат. Экинчи жол Ак-Сайдын күн батышындагы Бакай жерлигин аралап өтөт. Бул жолду сактап кала турган болсок, Ак-Сай айылынын кеңейишине тоскоолдук жаратат. Жогору жакта жашаган Ворух анклавына кайсы бир деңгээлде баары бир жол беришибиз керек», — деди Камчыбек Ташиев.