УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алтын медаль алды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Ала-Тоо Эл сыймыгы» алтын медалын, Ардак грамотасын жана төш белгисин алды. Бул тууралуу тарыхчы, профессор Асыкбек Оморов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул төш белги УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ооруган абалына карабастан, үзүрлүү эмгектенгенип жатканы үчүн берилген.

7-февралда Ташиев дарылануу үчүн Германияга учуп кеткен. Ал эми 12-февралда жүрөгүнө операция жасалган. Жасалган операциянын ийгиликтүү болгону кабарланган. Ал эми 18-февралда Бишкекке учуп келип, чек ара маселесине байланыштуу Баткен облусуна барып, эл менен жолугушуп келген болчу.