УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барды (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барды. Аны өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен жергиликтүү тургундар тосуп алышты.

Төрага жергиликтүү калк менен жолугуп, чек ара маселелери менен таанышуу ниетинде Ак-Сай айыл аймагына жөнөп кетти.

Эске салсак, өткөн жумада Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай айылына жакын жерде тажик аскерлери пайда болуп, алар жайлоого барчу жолду жаап, бульдозерди колдонуп иш жүргүзө башташкан.

12-13-февраль күндөрү Баткен облусунун Чек-Дөбө аймагында Кыргызстандын чек арачылар отряды тажик жарандары мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесине көчөттөрдү отургузуп жаткандыгын аныктады.

Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Германиядан Кыргызстанга кайтып келген эле.