УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Баткенге барганы маалым болду. Ал чек арадагы кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрөт. Бул тууралуу бир канча жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып жазышты.
Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, абал туруктуу.
УКМКнын Чек ара кызматы менен милиция биргеликте Баткен районунун Таш-Тумшук, Ак-Сай, Дахма, Орто-Боз, Көк-Таш айылдарын күзөтүшүүдө.