УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланууга кетип жатканын билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 6-февралда чет өлкөгө дарыланууга кетип жатканын билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына чет өлкөгө дарыгер Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп жатканын жазган.

«Урматтуу Кыргыз элим!
Мен 6-февраль күнү эртең менен дарыланууга чет жакка кеткени жатам. Биздин врач профессор Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам. Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан дуба кылып туруңуздар. Мен силердин жардамыңарга муктажмын, буюрса баары жакшы болот.
Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн»,- деп жазды Ташиев.

Ал кайсы өлкөгө барарын жазган эмес.