УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эмгек өргүүгө чыгып, чет өлкөгө кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыкты. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда ал, эмгек өргүүгө ден соолугуна байланыштуу чыккан жана дарылануу үчүн чет өлкөгө учкан. «Камчыбек Ташиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыкты. 1-2 күндө жумушка кайтып келет. Ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө дарыланып жатат. Кайсы өлкөгө кеткенин айта албайбыз», — дешти УКМКдан.

Ташиевге 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнө операция жасалган. Кийин Баткен чек ара жаңжалы чыкканда УКМКнын төрагасы чет өлкөгө дарыланууга кеткени маалым болуп, ооруканага жетпей кайтканын өзү билдирген.