УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөгө эртең кайтып келет

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөгө эртең, 18-февраль күнү саат 10:00дө кайтып келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-февралда телеграм-каналына жазды.

Анын айтымында, Ташиев Кыргыз мамлекетине кайтып келери менен дароо Баткен облусуна кетет.

“Урматтуу мекендештер! Буюрса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эртең саат 10:00дө чет мамлекеттен «Манас» аэропортуна учуп келип, дароо саат 11:00дө Баткен облусуна учат. Тийиштүү маселелер ошол жакта каралат”, — деп жазды ал.

7-февралда Ташиев дарылануу үчүн Германияга учуп кеткен. Ал эми 12-февралда жүрөгүнө операция жасалган. Жасалган операциянын ийгиликтүү болгону кабарланган.