УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Бустон шаарына барды

Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн делегациялары жолукту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Сүйлөшүү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында болгон. Делегация башчылары эки өлкөнүн жумушчу топторуна кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо иштерин активдештирүү тапшырмасын беришкен. Алар №44 протоколго кол коюунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилешти.

Жолугушуу достук маанайында өткөн.