УКМКнын төрагасы: «Сагызган дагы бир көргүсү келип калса керек»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 3-июнда соцтармактагы баракчасына Курманкул Зулушевдин башкы прокурорлуктан кеткени тууралуу үн катты.

Анда «Курманкул Зулушев мекенин сүйгөн, мыйзамды так аткарган Башкы прокурор болду. Ал дагы өлкөгө көп кызматын көрсөтөт. Сагызган сайрай берет, үнү эч кимге жакпаганын сезбестен, дагы бирди көргүсү келип калса керек. Мекенин саткан чыккынчы болду бул сагызган!» деп жазылат.

Кечээ, 3-июнда соттун имаратына келген Адахан Мадумаровдон журналисттер башкы прокурордун кызматтан кетүүсү тууралуу суроо узатышкан. Ал «Бийликке жакпай калгандан эмес, айыпсыз айыпталып жаткан шордуулардын каргышы катары кабыл алуу керек» деп жооп берген.