УКМКнын төрагасы «Укук коргоо органдарын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен системалуу иши тууралуу» комментарий берди

Президент, Жогорку Башкы командачы Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында, улуттук коопсуздук органдары Ички иштер министрлиги жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүүдө укук коргоо тутумун абийирсиз, коррупцияга малынган жана мамлекеттик кызматтын беделин түшүргөн кызматкерлерден тазалоого багытталган ырааттуу, системалуу жана активдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Мамлекет тарабынан мыйзамдуулукту, укук тартибин жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасында тартип орнотууга багытталган бекем жана принципиалдуу багыт кабыл алынган. Бул багыт мамлекет башчысынын укук коргоо органдары элдин, мамлекеттин жана Мыйзамдын кызыкчылыктарына гана кызмат кылууга милдеттүү экендиги тууралуу так позициясынан келип чыгат. Мындан улам, коррупциянын ар кандай көрүнүштөрү, кызматтык ыйгарым укуктардан кыянаттык менен пайдалануу, кылмыштуу элементтерге колдоо көрсөтүү жана кызматтык абалды жеке кызыкчылык үчүн пайдалануу фактылары катуу укуктук баасын алууга тийиш.

Ушуга байланыштуу, принципиалдуу түрдө белгилеп кетким келет: бүгүнкү күндө УКМК, ИИМ жана прокуратура органдарынын ортосунда эч кандай тирешүү жок жана болушу да мүмкүн эмес. Бардык укук коргоо органдары мыйзамдын алкагында жана Жогорку Башкы командачы тарабынан коюлган милдеттердин негизинде бирдиктүү байланышта иш алып барышат. Бул жерде мекемелер аралык күрөш жөнүндө эмес, укук коргоо тутумун абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен иш тууралуу сөз болуп жатат. Биздин жалпы максатыбыз — системаны алсыратуу эмес, аны чыңдоо, мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти бекемдөө жана жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин арттыруу болуп саналат. Ошондуктан, жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды айрым мекемелердин башкаларга каршы күрөшү катары көрсөтүү аракеттери негизсиз жана чындыкка дал келбейт.

УКМК, ИИМ жана прокуратура органдарынын биргелешкен иши бир жолку эмес, туруктуу жана максаттуу мүнөзгө ээ. Анын маңызы — укук коргоо кызматынын беделин түшүргөн жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы чыккан адамдарды аныктоо, документтештирүү, бөгөт коюу жана андан ары жоопкерчиликке тартуу боюнча туруктуу механизмди түзүү болуп саналат.

Мыйзам бузгандарга карата эч кандай мекеме тарабынан калкалоо болбойт. Мыйзам баарына бирдей. Эгерде кызматкер, ээлеген кызмат ордуна карабастан, кылмыш же мыйзамдын башка одоно бузулушуна жол берсе, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат жана тартууга тийиш. Дагы бир баса белгилей кетсем, кызматкерлердин басымдуу бөлүгү өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, мамлекетке жана элге ак ниет кызмат кылышат. Дал ушул ак ниет кызматкерлердин кызыкчылыгы үчүн мамлекет формага көө жапкан, кызматтын аброюна шек келтирген жана өлкөнүн кызыкчылыктарына зыян келтирген адамдардан ырааттуу түрдө арылууга милдеттүү. Мындан улам, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылып кетким келет: кызматтык ыйгарым укуктарын мамлекетти жана жарандарды коргоо үчүн эмес, жеке, өзүмчүл же мыйзамсыз максаттарда пайдаланган ар бир адам жоопкерчилик сөзсүз болорун түшүнүүгө тийиш.