УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районунун чек ара менен чектешкен аймагына барды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле аймакка барган журналисттерге контейнер Унжу-Булак тилкесине орнотулганын, бул тилке кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек аймакка кирерин билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу турукту.