УКМК ИИМ башчысынын орун басары Сүйүнбек Өмүрзаковдун инисине карата текшерүү иштерин баштады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаковдун инисине карата текшерүү иштерин баштады. Буга президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өлкөнүн түштүк аймагына барган сапарында тургундардын биринин кайрылуусу себеп болгон. Канназар Ыдырысов аттууу жаран министрдин орун басарынын бир тууганы прокурор болуп иштеген Улукбек Өмүрзаков кысым көрсөтүп жатканын билдирип, ага чара көрүүнү суранган. Ыдырысовдун айтымында, ал тең кожоюн болгон көмүр кенин Өмүрзаков мыйзамсыз тартып алган. Өз учурунда Улукбек Өмүрзаков мыйзамсыз иштерге тиешеси жоктугун журналисттерге айткан.