Камчыбек Ташиев Барпы чек ара заставасын ачты (фото)

Бүгүн, 25-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айыл аймагында жайгашкан Барпы чек ара заставасынын жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды. Бул тууралуу «Регион» каналынын директору Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына жазды.

“Кыргыз армиясы бүгүн бардык керектүү каражаттар менен камсыздалып, айлык маяналар көбөйтүлүп, жашоо шарттары, курал-жарактар жана башка зарылчылыктардын баары камсыздалып жатат. Ага жараша аскер кызматкерлери да туура мамиледе болууга тийиш”, – деген УКМК башчысы.

Ташиев мындан ары чек арачылар арасында, жалпы эле аскер кызматкерлери арасындагы мыйзамсыз, тартипсиз, уставдык эмес кадамдарга барып жаткандарга карата олуттуу жазалар да караларын кошумчалады.

Заставада мончо, жайкы ашкана, кызматтык жатаканалар, футбол аянтчасы, автопарк жана башка кызматтык зарылчылыктар толугу менен камсыздалган.

Барпы чек ара заставасы буга чейин айыл ичинде жайгашкан эски балдар бакчасынын имаратында жайгашкан. Тийиштүү кызматттар ал имаратты пайдаланууга болбойт, авариялык абалда деген тыянак чыгарган. Мындан улам, чек арачыларга жаңы заманбап застава куруу зарылчылыгы келип чыккан.