Украинада жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок

Украинада жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Аталган өлкөдө консулдук кызматтын каттоосунда 680 Кыргыз жараны турат. Алар көбүнесе Киев, Одесса жана Харьковдо турушат. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Учурда Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Кыргыз жарандарын алып чыгып кетүү үчүн Румыния, Венгрия же Польша аркылуу жашыл коридор алуу боюнча иш жүргүзүүдө.