Украинада каза болгон кыргыз жигити Орусиянын «Эрдик» ордени менен сыйланды

Украинада каза болгон кыргыз жигити Орусиянын «Эрдик» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында айтылды.

«Эрдик» ордени — бул Орусиянын мамлекеттик сыйлыгы. Аны менен Орусиянын жарандары адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктардын, өрттүн, кыйроолордун жана башка өзгөчө кырдаалдардын убагында көрсөткөн каармандыгы, эрдиги жана кайратмандыгы үчүн, ошондой эле өмүр үчүн тобокелдик менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык жана жарандык парзын аткарып жатып жасаган каарман жана чечкиндүү иш-аракеттери үчүн сыйланышат.

22-мартта Украинада согуштук аракеттерде 20 жаштагы орусиялык армияда кызмат өтөгөн кыргыз жигит каза болгону маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун жакындары каза болгон жигиттин аты-жөнү Эгемберди Дорбоев экендигин, анын Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандыгын, армияга кызмат өтөөгө өткөн жылы кеткенин айтып беришкен. Анын сөөгү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.