Украинада каза болгон орусиялык аскер кызматкери Ысык-Көлдө жерге берилет

Иллюстрация

20 жаштагы орусиялык армияда кызмат өтөгөн этникалык кыргыз 8-мартта Украинада согуштук аракеттерде каза болгон. Ал жана анын ата-энеси Орусиянын жарандыгын алган. Маркумдун сөөгүн эртең, 23-мартта Канттагы авиабаза аркылуу мекенине алып келүү күтүлүүдө, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында өтөт.

Тышкы иштер министрлигинен бул маалымат такталып жатканын билдиришти.