Украинадагы согушта дагы бир Орусиянын жарандыгын алган кыргыз жигитинин көз жумганы айтылууда

Орус маалымат каражаттары Сахалин облусунун губернаторуна шилтеме берүү менен 18-майда Украинада дагы бир жигит каза болгонун жазып чыгышты. Маалыматта каза болгон жигиттин Сыргакбек Өзүбеков экени айтылат. Ошондой эле каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнө керектүү жардам берилери жазылган.

Ал арада Фейсбуктун Мээрим Дөөлөтбекова деген колдонуучусу 18-майда Украинада анын аяш уулу көз жумганын жазып чыкты. «Украинада болуп жаткан согуш 19 жашка араң толгон аяш уулубузду алып тынды. Маркумдун сөөгү кичи мекенине жеткириле элек. 18-майдан бери кагаз иштери бүтпөй, жок шылтоолорду айтып, жанды кашайтып бүтүштү. Ата-энеси кан жутуп, күтүп жатышат», — деп жазды ал.

Редакция Мээрим Дөөлөтбекова менен байланышканыбызда жигиттин Жалал-Абад облусунан экенин билдик. «Апасы Токтогулдан, атасы Аксыдан, сөөгү келсе Жалал-Абадга коюлат. Орусиянын жарандыгын жакында алышса керек эле. Үй-бүлөсү менен Сахалинде турушчу. Сөөгү келсе, чоң ата, чоң энесинин жанына коюлат», — деди ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Тышкы иштер министрлигинен маалыматты тактап беребиз дешти.