Украинадагы кырдаал. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында митинг өтүп жатат

Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын жанында тынчтык митинги өтүүдө.

Митингге онго жакын жаран чыкты, алардын арасында активист Улан Үсөйүн да бар. Алар «Согушка жол жок», «Кыргызстан Украина менен» деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.