Украинадагы Кыргыз жарандарын Бишкекке учак менен акысыз алып келүү уюштурулду

Украинадагы Кыргыз жарандарын Бишкекке учак менен акысыз алып келүү уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.

«16-мартта Польшадан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги уюштурган акыркы бекер учак учурулат. Ошондуктан, бардыгыңыздарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүнү сунуштоо менен бирге, Украинанын аймагынан чыгып кетүү керек экендигин баса белгилейбиз. Львов шаарына бекер эвакуациялык поезд, же болбосо, такси жана автобустар менен келсеңиздер болот», — деп жазылат элчинин билдирүүсүндө.