Украинадагы Кыргыз жарандарынын кезектеги каттамы Бишкекке жана Ошко келди

Кечээ, 19-мартта Бишкекке кезектеги чартердик каттам келди, анын бортунда Украинанын аймагынан Польшага кеткен 95 Кыргыз жараны (анын ичинде аялдар жана балдар) болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Бул Польша жана жарандардын мекенине кайтып келүүсүн уюштурууга көмөктөшүүчү Европалык чек ара кызматынын «Фронтекс» агенттиги менен биргеликте уюштурган министрликтин экинчи эвакуациялык каттамы. 19-мартта Кыргызстандын 43 жараны Чехиядан Ошко, 35 Кыргызстандын жараны Прага-Стамбул-Бишкек багыты боюнча Прагадан Бишкекке учуп келди. Бул каттамдарга кыргызстандыктар үчүн билеттерди Миграция боюнча эл аралык уюмдун миссиясынын Прагадагы өкүлчүлүгү сатып берген.

12-18-март күндөрү Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин көмөгү менен Украина-Польша мамлекеттик чек арасынан 34 Кыргыз жараны өткөн, алар тууралуу маалымат Польшада жайгашкан жана жарандардын Кыргыз Республикасына кайтып келүүсүн уюштурган Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө берилген. 1 Кыргыз жаранына 12-мартта эл аралык уюм аркылуу билет сатып алууга жардам көрсөтүлүп, Бухарест-Стамбул-Бишкек рейси менен мекенине аман-эсен кайтып келди. Ошондой эле 5 жаран Молдовага жеткирилген. Ошондой эле 2 үй-бүлө согуш жүрүп жаткан аймактардан эвакуацияланды, алар азырынча Украинада калуу каалоосун билдиришкен. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын 718 жаранына Украинадан чыгып кетүүгө жардам көрсөтүштү. Кыргызстанга 528 жаран жеткирилген, анын ичинен 60тан ашуун жаран Молдова жана Түркия аркылуу өз мекенине кайтып келишкен, алардын көпчүлүгүнө консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан жарандарды документтештирүү иштери жүргүзүлдү, калган жарандар коопсуз аймактарда: Польшада, Румынияда, Венгрияда, Словакияда, Молдовада, Германияда, Түркияда жайгашууда.

Бүгүнкү күндө Украинанын аймагында Кыргызстандын 60тан ашык жараны бар. Элчилик Украинада калган жарандар менен байланышта, алардын көбү жашаган жеринде калуу каалоосун билдиришүүдө. Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында жабыркагандар жок.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:
+380997573413,
+380442370346,
+380442370348, ошондой эле элчиликтин «WhatsApp» тобу;

Министрликтин Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери;
+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.