Украинадагы согушта Орусиянын жарандыгын алган Адилет Алиев көз жумду

Орусиянын армиясында кызмат өтөгөн дагы бир Кыргызстанда туулган, кийин Орусиянын жарандыгын алган Адилет Алиев Украинада каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Сөөгү кайда берилери тууралуу азырынча маалымат белгисиз. Адилет Алиев Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокер болгон.

Буга чейин Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифуллин, Исламжон Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Аманбек Курбанбаев, Руслан Полотов Украинадагы согуштук аракеттерде курман болгон.