Дагы бир Кыргыз жигитинин Украинада каза болгону маалымдалды

Кыргызстанда туулуп-өскөн орус армиясынын дагы бир аскери Украинада каза болду. Бул тууралуу “Азаттык” өздүк булактарына таянуу менен жазды.

18-апрелде Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Аватбек Жолоевдин “Азаттыкка” билдиришинче, маркумдун жакындары анын сөөгүн Кара-Дыйкан айылында жерге берүү үчүн күтүп жатышат. «Сөөк келе элек, качан жеткирилет бүгүн билинет. Анын Орусияга кеткенине көп болгон. Ошол жактан жарандык алган. Ал жактан аскерге кеткен. Ата-энеси ушул жерде жашайт», — деди Жолоев.

Буга чейин 25-мартта Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоев аттуу кыргыз жигиттин сөөгү Ысык-Көлдө жерге берилген. Бул окуяга удаа эле 27-мартта Украинада каза болгон Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтада жерге берилген. Экөөнүн тең сөөгү Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу мекенине жеткирилген болчу.