Украинадагы согушта Кыргыз жаранынын катышуусу тууралуу элчи үн катты

Украинадагы согушта Кыргыз жаранынын катышуусу тууралуу элчи Идрис Кадыркулов үн катты. Анын айтымында, ал тууралуу маалымат болгон жана ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан.

«Элчилик Украинанын аймагында жүргөн бардык Кыргыз жарандары тууралуу кабардар. Жогоруда көрсөтүлгөн К.у.А. аттуу жаран тууралуу дагы толук маалыматыбыз болгон. Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып, элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экендигин бир нече ирет айтып, эскерткен. Бирок ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Аталган жаран аймактык күзөт кызматында (территориальная оборона) санитарларга жардам берип жүргөндүгү жөнүндө билинген. Бул тууралуу Кыргызстандын тийиштүү органдарына ошол замат кабар берилген», — деп жазылат элчинин билдирүүсүндө.