Украинадагы согушта Кыргыз жаранынын катышуусу тууралуу маалыматты УКМК текшерип жатат

УКМК контрчалгындоо иштеринин жүрүшүндө ыкчам материалдардын, ошондой эле социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүдө, Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармагындагы баракчасы аныкталган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Көрсөтүлгөн аккаунттун ээси К.у.А. аттуу Кыргыз жараны экендиги такталган. Ыкчам маалыматтар боюнча ал 2021-жылдын декабрында Украинанын аймагына эмгек миграциясына кеткен. Алынган материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик акт жасоого даярдыгы) кылмыштын негизинде катталып, анын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК Кыргыз өлкөсүнүн чегинен тышкары куралдуу операцияларга катышуу мыйзамга ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын Кыргыз жарандарына эскертет.