Украинадагы согушта Орусиянын абагында жаткан Чыңгыз Изабековдун каза болгону маалым болду

Орусиядагы түрмөлөрдүн биринен «Вагнер» жеке аскердик компаниясы аркылуу Украинадагы согушка тартылган дагы бир кыргызстандык жигит Чыңгыз Изабековдун каза тапканы белгилүү болду. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Жакындарынын айтымында, кыргызстандык жигит октябрда, айрым маалыматтар боюнча ноябрда согушка тартылган. Туугандарына келген кара кагазда 11-январда каза болгону көрсөтүлгөн. Маркумдун сөөгү кичи мекенине үч айдан кийин, 13-апрелде жеткирилип, ушул эле күнү жерге берилген. Айрым маалыматтар боюнча маркум снаряддын соккусунан жан берген.

Маркум үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болгон, быйыл августта 33кө чыкмак. Анын Орусияда алты жыл мурда «тоноо» беренеси менен айыпталып камалганы айтылды.