Украинадагы согушта Орусиянын жарандыгын алган Мирлан Тохтахунов каза болду

Украинадагы согушта Орусиянын жараны Мирлан Тохтахунов каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен кечээ, 9-июлда маалымдашты.

Ал Орусиянын куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн.

Буга чейин Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифуллин, Исламжон Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Аманбек Курбанбаев, Руслан Полотов, Адилет Алиев Украинадагы согуштук аракеттерде курман болгон.